20 январь 2026
Кароолор: 4
Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жаңы жетекчи дайындалды

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Насиров Абдижамил Жусупович дайындалды.Тиешелүү буйрукка Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу кол койду.
Бүгүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында жаңы дайындалган жетекчини тааныштыруу аземи болуп өттү. Ага райондук мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси М.Абдураимов катышып, жаңы жетекчини аппарат кызматкерлерине расмий түрдө тааныштырды.