27 апрель 2026

Кароолор: 6

Уч-Коргон жана А.Масалиев айыл аймактарында райондун бардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жарандарды кабыл алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

2026-жылдын 27-апрелинде Уч-Коргон жана А.Масалиев айыл аймактарында райондун бардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жарандарды кабыл алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жана райондук жетекчилер катышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угушту.

Аталган кабыл алуунун негизги максаты — жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угуу, алардын суроолоруна жооп берүү жана тиешелүү чечимдерди ыкчам кабыл алуу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар тарабынан социалдык маселелер, жер тилкелери, инфраструктура, коммуналдык кызматтар жана башка бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.

Райондук жетекчилер жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, мыйзам чегинде түшүндүрмөлөрдү беришти. Айрым маселелер жеринде чечилсе, кошумча убакытты талап кылган суроолор тиешелүү мекемелерге жиберилип, көзөмөлгө алынды.

Мындай жолугушуулар жарандар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана элдин ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.