27 декабрь 2025

Кароолор: 3

Үч-Коргон ЖДПБнын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйын Үч-Коргон маданият үйүндө өткөрүлдү.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары М. Айтматов катышып, медициналык кызматкерлерди жоопкерчиликтүү жана талыкпаган эмгеги үчүн куттуктап, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү багытындагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө жыл ичинде аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыда турган милдеттер кеңири талкууланды.

Ошондой эле өз ишинде өзгөчөлөнгөн мыкты кызматкерлерге ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.

🩺 Жыйында саламаттык сактоо кызматын мындан ары да жакшыртуу, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча алдыдагы пландар белгиленди.