25 февраль 2025

Кароолор: 69

үгүн, 25-февралда, Кадамжай районунда Тажик-Ооган чек арасын кайтарган тынчтык орнотуу күчтөрүнүн миссиясын аяктагандыгынын 26 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Бүгүн, 25-февралда, Кадамжай районунда Тажик-Ооган чек арасын кайтарган тынчтык орнотуу күчтөрүнүн миссиясын аяктагандыгынын 26 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Бул маанилүү саамалыкка Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаев, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, анын жүрүшүндө Тажик-Ооган чек арасында кызмат өтөгөн ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлдү. Согуш талаасында курман болгон мекендештерибиздин арбагына багышталып Куран окулуп, эскерилди. Ошондой эле алардын элесине таазим катары асманга залп атылды.

Аталган иш-чара муундар байланышын бекемдөө жана тарыхый окуяларга болгон урмат-сыйды арттыруу максатында уюштурулуп, ата мекенди коргоонун ыйык милдет экендигин дагы бир жолу эске салды.