07 июль 2026
Кароолор: 8
Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги алдында Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын күн тартибинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү субъекттер тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулду. Талкуунун жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге аткарууга тийиштүү тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жүрүшүндө район аймагында катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары жана алардын статистикалык көрсөткүчтөрү кеңири талкууланып, бул багыттагы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин мындан ары күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле жыйындын катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.