16 январь 2026
Кароолор: 3
Үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 5200 кыска номурлуу ысык линия ишке берилди

Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, анын ичинде Кадамжай районунда, үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга кабылган адамдар үчүн 5200 кыска номурлуу күнү-түнү иштеген акысыз ысык линия ишке берилгендигин маалымдайбыз.
Аталган ысык линия аркылуу жарандар 24 саат бою ыкчам психологиялык, укуктук жана маалыматтык жардам ала алышат. Кызмат бардык байланыш операторлорунан акысыз көрсөтүлөт жана купуялуулук толугу менен сакталат.
Учурда коомдо зордук-зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо жана адам укуктарын сактоо маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турган шартта, бул ысык линия жабыр тарткан жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүдө маанилүү механизм болуп саналат.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жарандарды зордук-зомбулукка кайдыгер карабоого, мындай фактыларга күбө болгон учурда же өзү жабыр тарткан болсо, 5200 кыска номурлуу ысык линияга кайрылууга чакырат.
Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү – ар бирибиздин жарандык милдетибиз.