23 апрель 2026
Кароолор: 5
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» алкагында баалуулуктарды даңазалаган иш-чара өттү

Кадамжай шаарында ата-энелер менен бала бакчанын ортосундагы тыгыз кызматташууну чыңдоого жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактап, муундан-муунга өткөрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү.Иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» өнүгүү жолунун алкагында уюштурулду.
Бул демилгенин негизги максаты – балдардын тарбиясында үй-бүлө менен билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле улуттук маданиятты, салт-санааны жана руханий баалуулуктарды жаш муунга жеткирүү болуп саналат.
Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Айтматов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер жана тарбиячылар биргелешкен иш-аракеттердин маанисин белгилеп, улуттук баалуулуктардын ролу тууралуу пикир алышты.
Ошондой эле, улуттук оюндар, ыр-бийлер уюштурулуп, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.