23 май 2026

Кароолор: 7

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу» жана «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыктарынын негизинде “IV Гилем” фестивалынын алкагында гилем көргөзмөсү уюштурулду.

Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу» жана «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыктарынын негизинде “IV Гилем” фестивалынын алкагында гилем көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөгө республиканын ар кайсы аймактарынан келген чеберлердин гилем, шырдак, ала кийиз, сайма жана башка улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары коюлуп, кыргыз элинин салттуу маданияты даңазаланды.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук маданиятты, каада-салтты жана кол өнөрчүлүк өнөрүн сактоо жана жайылтуу болуп саналат.