19 сентябрь 2026
Кароолор: 8
«Улуттук тазалык күнү»: Кадамжай районунда жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү

Ишембилике Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жана аппарат кызматкерлери, район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында райондун аймагындагы көчөлөрдө, коомдук жайларда жана негизги жолдордун жээктеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар жыйналды. Ошондой эле жол жээктерин ирээтке келтирүү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, бак-дарактарды актоо, жол боюндагы тосмолорду жана тиешелүү объектилерди сырдоо сыяктуу иштер аткарылды.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы ишембиликке активдүү катышкан бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана район тургундарына ыраазычылык билдирет.
Таза аймак — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!