20 май 2024
Кароолор: 84
Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын өткөрүү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Баяке уулу Болоткан Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен райондун тургундарын куттуктады.
«Жеңиш» күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берерин билдирип, калоо-тилектерин айтты.
«Урматтуу Улуу Ата Мекендик ооруктун эмгекчилери!
Урматтуу район тургундары!
Сиздерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
9-май – Улуу Жеңишти жана жакшылыктын салтанатын майрамдоонун жалпы элдик күнү.
Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдиктерин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз.
Биздин жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган.
Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта Жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз.
Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин дайыма камкордукка алып, көңүл буруу жана алардын эрдигин унутпай сактоо – биздин ыйык милдетибиз.
Улуу Ата Мекендик оруктун эмгекчилери!
Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз.
Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм.
Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак, өнүгүү болсун!».