09 сентябрь 2025

Кароолор: 26

Урматтуу Айылдык Ден соолук Комитеттеринин мүчөлөрү!

Сиздерди бүгүнкү — 9-сентябрь, Айылдык Ден соолук Комитетинин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Элдин саламаттыгы үчүн жасап жаткан талыкпаган эмгегиңиздерге, берилгендик менен аткарып жаткан кызматтарыңызга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин үзүрлүү аракетиңиздер, жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана жан аябас эмгегиңиздер ар дайым районубуздун элинин жашоосун жакшыртууга, ден соолугун чыңдоого чоң салым кошуп келет.

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, ийгилик жана дагы көптөгөн бийиктиктерди каалайбыз!

Эмгек жолуңуздар ар дайым нурланып, коомубузга пайда алып келе берсин!

Урматтоо менен,

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын эмгек жамааты