01 октябрь 2024

Кароолор: 85

Урматтуу аталар жана энелер!

Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биз, ар бир улгайган кыргызстандык ар тараптан камкордукка бөлөнүшү үчүн милдеттүү экенибизди сезебиз.

“Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Сиздердин акылыңыздар, тажрыйбаңыздар жана өмүр бою топтогон билимиңиздер биздин коом үчүн абдан баалуу.

​Сиздер турмуштун түрдүү даамын татып, ак-караны так ажыратып көзүңүздөр каныгып, оош-кыйыш кыйынчылыктарды бабалардан келаткан улуу нарк менен жеңип келдиңиздер. Биз сиздерден улуу наркты улап, андан ары алып кетүүнү үйрөнүп келебиз.

Биздин милдет – тарыхый, маданий, руханий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап келишкен улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо шарттарын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү.

Бул багытта Президентибиздин колдоосу менен быйыл да пенсиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмү бир кыйла жогорулады.

Урматтуу аталар жана энелер!

Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт» деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсө берсин.

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Ардактуу улуу муундагы инсандарыбызга бекем ден соолук, узак өмүр, жан дүйнө тынчтыгын каалайм. Көп жылдык эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиремин. Бар болуңуздар, аман болуңуздар!

Урматтоо менен,

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан.