01 ноябрь 2024
Кароолор: 74
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Ардактуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Ардактуу ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.
Кыргыз милициясы туура 100 жыл мурда 1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечими менен түзүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлиги өзүнүн 100 жылдыгын белгилөө менен бирге басып өткөн жолуна саресеп салып, алдыга чоң максаттарды коюп турган кези, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу милдетин аркалап, алгачкы кадамдарын жасаган. Бүгүнкү күндө кыргыз милициясы-кесипкөй, бекем жана ишенимдүү мекеме катары өзүн көрсөтүп, заманбап талаптарга ылайык өнүгүп келет. Кадамжай районунун эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу сиздердин ыйык парзыӊыздар. Сиздер бар үчүн, сиздердин кыраакы, кажыбас эмгегиңиздердин натыйжасында элибиз тынч уктап, бейкапар эмгектене алышат.
Урматтуу тартип сакчылары! Ардактуу ардагерлер!
Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм.
Урматтоо менен,
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу