23 июнь 2026

Кароолор: 6

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – элдин ишенимин актоого, өлкөнүн өнүгүшүнө жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу кесип. Сиздер күн сайын өз милдетиңиздерди так жана ак ниет аткарып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү менен мамлекеттин бекемделишине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө зор салым кошуп келесиздер.

Ар бириңиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, жоопкерчилигиңиздер жана мекенге болгон берилгендигиңиздер коомдун өнүгүшүнүн маанилүү негизи болуп саналат. Элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай эмгектенип жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Майрамыңыздар кут болсун!