02 ноябрь 2024
Кароолор: 93
Урматтуу маданият кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Маданият кызматкерлеринин күнүндө улутубуздун уникалдуу баалуулуктары менен нарк-насилин даңазалаган маданий мурастарыбыз, чыгармачыл дараметибиз белгиленип, маданият жана искусство – каада-салтты, аны менен кошо элибиздин келечекке умтулууларын чагылдырган коомдун күзгүсү.Көркөм өнөр чеберлери улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда жана сактоодо маанилүү роль ойноорун коомчулук жакшы билет. Сиздер элибиздин үрп-адатын, руханий маданиятын жана тарых-таржымалын тереңден түшүнүүгө, ошону менен катар социалдык-маданий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болуп келесиздер. Өз ара түшүнүшүүгө жана дүйнө бейпилдигине көмөкчү болуу менен бирге ар кыл маданияттар, ар түрдүү улуттар ортосуна көпүрө болуп, алака-мамилени чыңдайсыздар.Улуттук маданиятыбыздын унутта калтырбай, аны андан ары өнүктүрүп, заман агымына жараша улам жаңы-жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан искусствонун бардык тармактарынын – музыкалык искусство, аспаптык аткаруучулук, вокалдык искусство, театр искусствосу, балет, көркөм сүрөт искусствосу, кол өнөрчүлүк жана башка маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет",
Кесиптик майрамыныздар кут болсун!
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б. Баяке уулу