03 октябрь 2025
Кароолор: 21
Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагында эмгектенип жаткан ардактуу агай-эжекейлер!

Билим дүйнөсүнө жол ачкан ардактуу мугалимдер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Ар бир мамлекеттин өнүгүүсү — билимдүү, акыл-эстүү жана адептүү муундун өсүп чыгышына байланыштуу. Бул жолдо сиздердин эмгегиңиздер эбегейсиз. Мугалим — коомдун келечегин калыптандыруучу, тарбия менен билимди айкалыштырып, жаштарга туура багыт берүүчү эң ыйык жана жоопкерчиликтүү кесип ээси.
Сиздерге терең урмат-сыйымды билдирип, чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайм. Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, ар дайым урмат-сыйдын, кадыр-барктын ээси болуп жүрө бериңиздер!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Баяке уулу