22 ноябрь 2024

Кароолор: 80

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар-Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү тиреги болгон прокуратура органы Кыргыз Республикасынын укуктук жана демократиялык мамлекет катары өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган маанилүү орган болуп саналат. Өлкөбүздүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсү көбүнесе прокуратура органдарынан көз каранды!Бирдиктүү борборлоштурулган система катары прокуратура органдары жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо, Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын жоболорунун так аткарылышын көзөмөлдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы туруктуу күрөшү жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган прокурордук көзөмөл элибиздин адилеттүүлүккө болгон ишенимин бекемдейт.Кадырлуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздерге өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөөгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Топтогон мол тажрыйбаңыздар менен бөлүшүп, салт болуп калган жакшы саамалыктарды кийинки муундарга өткөрүп бересиздер деп ишенем.
Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери, дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.
Өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн бардык прокуратура кызматкерлерине жана кадырлуу ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем.
Түмөн түйшүктүү жана ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, Мекенибизге ак кызмат өтөөнү каалайм.