20 сентябрь 2024
Кароолор: 74
Урматтуу токой чарба тармагынын кызматкерлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Кадамжай районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар жана район аймагындагы токойлорду сактоодо, жашылдандыруу үчүн жаңы көчөттөрдү өстүрүп, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууда күнү-түнү өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгыңыздар үчүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдиремин.
Сиздерге чың ден-соолук, иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтоо менен, аким Б. Баяке уулу.