25 декабрь 2023

Кароолор: 182

USAIDДИН “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ишке ашууда

  USAIDДИН “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүү багытында натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Долбоор Кыргызстандын төрт облусундагы муниципалитеттерге жардам берет. Алардын катарында пилоттук катары Кадамжай районунун айыл аймактары да камтылган.

USAIDДИН долбоору менен өнөктөш болгон муниципалитеттер суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана коомдук жайларды пайдалануу сыяктуу негизги муниципалдык кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн башкаруу ыкмаларын жакшыртууга жетишет.

О.э. долбоордун алкагында республикалык жана аймактык иш-чаралар аркылуу муниципалитеттер кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен алмашат.

Кадамжай району боюнча үч жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча билим алууда.