13 июнь 2025
Кароолор: 25
Ууру-Сайдагы долбоордун аткарылышы боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу Бирлик айыл аймагында жайгашкан Ууру-Сай долбоору боюнча иштердин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.
Долбоордун абалы боюнча жеринде таанышуу иштери жүргүзүлүп, мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги пландар талкууланып, долбоордун техникалык жана социалдык жактары тууралуу маалымат алды.
Аким Б.Баяке уулу долбоордун сапаттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, аны сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү зарылдыгын эске салды. Ошондой эле ал Ууру-Сай сыяктуу демилгелер районду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын билдирди.
Мындай көзөмөл иштеринин негизги максаты — долбоордун аткарылышын жеринен көзөмөлдөө аркылуу маселелерди өз убагында аныктап, алардын эффективдүү чечилишине шарт түзүү болуп саналат.