09 февраль 2026
Кароолор: 5
Япония мамлекетинен келген конок Дайки Наито, ПРООН уюмунун долбоор боюнча координатору Кубан Кошоев жана ПРООНдун Баткен облусундагы өкүлү Бакиров Акын мырза Кадамжай районунун жаштар борборуна да келип, бул жерде жаштарга түзүлгөн шарттар менен жакындан

Кадамжай шаарындагы борбордун ачылышынан соң, Япония мамлекетинен келген конок Дайки Наито, ПРООН уюмунун долбоор боюнча координатору Кубан Кошоев жана ПРООНдун Баткен облусундагы өкүлү Бакиров Акын мырза Кадамжай районунун жаштар борборуна да келип, бул жерде жаштарга түзүлгөн шарттар менен жакындан танышышты.
Жаштар үчүн түзүлгөн шарттар жогорку деңгээлде экендиги жана ошондой эле ПРООН тарабынан кошумча каржылык колдоолор долбоорлор аркылуу ишке ашырылуусуна кызыкдар экендигин коноктор тарабынан баса белгиленди.
Эскерте кетсек, аталган борбор 2024-жылы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жеке демилгеси жана колдоосу менен ачылып, пайдаланууга берилген. Учурда жаштар үчүн аталган борбордо иштөө, бош убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн.