14 июнь 2024
Кароолор: 105
Youth GO" долбоорунун маалыматтык жыйыны

2024-жылдын 12-июнь күнү Кадамжай районун мамлекеттик администрациясында Кадамжай районундагы сегиз айыл өкмөтүнүн орун басарлары менен биргеликте Youth GO" долбоорунун маалыматтык жыйыны болуп өттү.
Ага Кадамжай районун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Асанова катышып, долбоорго жана жыйындын жүрүшүнө ийгилик каалап өттү.
Аталган иш-чара Youth GO" долбоору Жаштарды Өнүктүрүү Институту жана DVV International Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан, Европа Биримдигинин каржылоосу жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү боюнча Федералдык Министрлигинин (BMZ) биргелешкен каржылоосунда ишке ашырылууда.