17 июнь 2026

Кароолор: 8

Ысык–Көл облусундагы Чолпон–Ата шаарында жайгашкан «Алтын-Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жалпы 22 бала, 2 коштоочусу менен жиберилди.

2026-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 330-т тескемесине негиз, балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштуруу боюнча, Кадамжай районунун аймагындагы турмуш шарты оор, аз камсыз болгон жана майыптыгы бар балдарды жана райондун аймагындагы этникалык кыргыздардын балдарын бөлүнгөн квотага ылайык, Ысык–Көл облусундагы Чолпон–Ата шаарында жайгашкан «Алтын-Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жалпы 22 бала, 2 коштоочусу менен жиберилди.