02 сентябрь 2026
Кароолор: 3
ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ
Райондук мамлекеттик администрациясында ысырапкерчиликтин алдын алуу жана коомдо сарамжалдуулук маданиятын калыптандыруу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Аялдар кеңешинин мүчөлөрү, активист аялдар жана жергиликтүү кеңештердин депутат аялдары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ысырапкерчиликти азайтуу, ашыкча чыгымдарга жол бербөө, үй-бүлөлүк каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана коомчулук арасында үнөмдүүлүк маданиятын жайылтуу маселелери талкууланды.
Катышуучулар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, үй-бүлөдө жана коомдо сарамжалдуулукту жайылтуу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле аялдардын коомдогу активдүүлүгүн арттыруу жана бул багыттагы демилгелерди колдоо боюнча пикирлер айтылды.
Жыйын соңунда катышуучулар өз сунуштарын билдирип, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.