03 апрель 2024

Кароолор: 24

Жайыт жерлерди деградацияга дуушар болуусун жана мал жандыктардын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерин уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 – жылдын 19-июнундагы “Жайыттар жөнүндүгү» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу № 386-токтому, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30- мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы №175 “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024–жылдын 19–мартындагы №01-15/121-б «Райондун аймагындагы жайыттарга малдарды чыгарууну уюштуруу жана алардын жугуштуу ооруларын алдын алуу жөнүндөгү» буйругунун талаптарына негиз райондун аймагында малдарды жайкы жайыттарга чыгарууну, малдардын жугуштуу ооруларын жана жайыттардын деградацияга дуушар болушунун алдын алуу максатында 2024 – жылдын жаз, жай айларында малдарды иреттүү тартипте жайыттарга жайгаштыруу боюнча штаб курамы түзүлүп, райондун аймагындагы айыл чарба малдарын жаз, жайкы жайыттарга жайгаштырганга чейин толук ветеринардык тейлөөдөн өткөрүү жана эмдөөдөн толугу менен өткөн мал жандыктарды ветеринардык справкалар менен камсыздап, шаар мэрияларынын айыл аймактардын жана ветеринардык инспекторлору мал айдалып өтүүчү жолдор айылдык жана шаар мэриялары тарабынан тазалоо жумуштары колго алынып, Орозбеков, Майдан (Кожо-Кайыр айылы), Уч-Коргон (Чаувай айылы) айыл аймактарына убактылуу ветеринардык карантиндик постторго түнү-күнү туруучу нөөмөт уюштурулду.

Ветеринардык карантиндик пост аркылуу өтүп жаткан мал жандыктар өзүнүкү экендиги тууралуу айыл аймагынан жана шаар мэриясынан, ошондой эле ветеринардык тейлөөдөн өткөндүгү тууралуу ветеринардык маалым кат болсо өткөрүү тапшырмалары берилди.