25 сентябрь 2026

Кароолор: 5

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Үч-Коргон жалпы дарыгердик практика борборунун жетекчиси бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы №177 сандуу буйругуна негиз Мадумарова Наргиза Мухтаралиевна дайындалды.

Жаңы жетекчи борбордун эмгек жамаатына Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айтматов Мирланбек Мусаевич жана Баткен облустук саламаттык сактоо координатору Бөрүбеков Арзыбек Курсаналиевич тарабынан тааныштырылды.

Буга чейин ал кызматта Муратов Орозбек Өмүрбекович аркалап, Уч-Коргон жалпы даарыгердик практика борборуна бир топ алгылыктуу жумуштарды аткарган.

Муратов Орозбек Өмүрбековичке жаңыдан дайындалган кызмат ордунда ийгилик жана жетишкендиктерди каалайбыз.

Ошондой эле жаңы жетекчиге кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, эмгек жамааты менен тыгыз кызматташып, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү багытында натыйжалуу иш алып баруу милдеттери белгиленди.