01 сентябрь 2025

Кароолор: 20

Жаңы окуу жылы – жаңы барак: Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу мугалимдерди жана окуучуларды Билим күнү менен куттуктады!

2025-жылдын 1-сентябры – Жаңы окуу жылынын алгачкы коңгуроосу жаңырып, өлкөбүздүн ар бир бурчундагы мектептерде Билим күнү белгиленип жатат. Ушул кубанычтуу күндө Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу райондун тургундарын, өзгөчө окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди чын дилинен куттуктады.

“1-сентябрь – бул билимге болгон жолдун башталышы, келечекке салынган эң маанилүү кадам. Билимдүү жаштар – бул эртеңки бекем мамлекеттин пайдубалы. Ушул жоопкерчиликтүү, сыймыктуу жолдо ар бириңиздерге ак жол каалайм! Урматтуу мугалимдер, сиздердин ак эмгегиңиздер ар дайым коомчулук тарабынан бааланып келет. Ал эми урматтуу окуучулар – келечек силердин колуңарда! Илимге, билимге жана изденүүгө болгон кызыгуу дайыма жан дүйнөңөрдү жарытып турсун." – деди аким өз сөзүндө.

Майрамдык иш-чаралар бүгүн райондогу бардык мектептерде өтүп, окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер жаңы окуу жылын салтанаттуу маанайда тосуп алышты. Алгачкы коңгуроо жаңы максаттарга жол ачып, билимге болгон сапарды баштап берди.