30 сентябрь 2025

Кароолор: 100

Жарандар үчүн мамлекеттик органдарда QR-коддор аркылуу ой-пикир билдирүү системасы киргизилди

Ой-пикир калтыруу үчүн:

1. QR-кодду табыңыз – ал расмий веб-сайтта, социалдык тармактарда же мекемелердин имаратында жайгашкан.

2. Телефонуңуздун камерасы аркылуу, түндүк тиркемесин колдонуп, QR-кодду скандаңыз.

3. Ачылган шилтеме аркылуу өтүңүз жана кыска форманы толтуруңуз.

Бул система мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жана жарандарды тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы