02 июль 2026

Кароолор: 5

Жарандардын арыздарын жеринде кароо

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Акматов Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына келип түшкөн арыздарды райондук тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү айыл өкмөттүн башчысы менен биргеликте жеринде карап чыкты. Келип түшкөн арыздарды тез арада чечүү жана сел кооптуулугун алдын алуу боюнча долбоорлоо иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.