25 март 2024
Кароолор: 128
Жарандардын кайрылууларын кароо жана аларды кабыл алуу иштери жакшыртылууда.

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамды так аткаруу жана мамлекеттик органдын иштөө ыкмаларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында коомдук кабылдама иштеп жатат. Кадамжай районунун жарандарынын эсине: райондун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин жарандарды кабыл алуу аптанын дүйшөмбү күнү саат 10: 00дөн баштап жүргүзүлөт. Ал эми акимдин биринчи орун басарлары жума, шейшемби күндөрү, аппарат жетекчиси бейшемби күнү саат 9дан-18:00гө чейин кабыл алат.
Бүгүн дүйшөмбү күнү Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан жарандарды кабыл алды. Анда Орозбеков, Ак-Турпак жана Исхак-Полоткан айыл аймактарынын жашоочуларынын арыздарын, маселелерин укту. Жарандар жер мунапыс, кооптуу аймактан көчүрүү маселеси жана укук коргоо органдарына тиешелүү соттук чечимдер боюнча кайрылышты.