18 март 2025
Кароолор: 44
“Жаш өспүрүмдөргө карата сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу, коопсуздук эрежелери жана жардам кызматтары” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүдү.

Кадамжай районунун аймагындагы Ак-Өргө жана Охна жалпы билим берүү мекемелеринде өспүрүм кыздар арасында “Жаш өспүрүмдөргө карата сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу, коопсуздук эрежелери жана жардам кызматтары” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Ошол эле учурда алардын ата-энелеринин катышуусунда “Жаш өспүрүмдөр арасында сексуалдык зордук-зомбулук буллинг кибербуллинг, рекетчилик, кылмыштуулук, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтер” аталышындагы маалыматтык жыйындар уюштурулду. Жалпысынан аталган жыйындарга 700дөй катышуучулар тартылды. Жыйын БУУнун Калк фонду өнөктөштүгү менен биргеликте өткөрүлүп, эксперттер тарабынан пайдалуу маалыматтар берилди.