18 сентябрь 2026
Кароолор: 11
Жаш спортчу Асамидинова Аземиге ыраазычылык!

Кадамжай районунун РЖББЖ мектебинин 11-классынын окуучусу, волейбол боюнча 18 жашка чейинки кыздар арасында Кыргыз Республикасынын курама командасынын капитаны Асамидинова Аземи эл аралык спорттук мелдештерде өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, жогорку жетишкендиктерге ээ болуп келет.
Бул ирет Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча курама командасынын курамында Япониянын Нагоя шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келди.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы Асамидинова Аземиге волейбол спорту боюнча мекендин намысын эл аралык аренада татыктуу коргоп, спорт жаатында ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Жаш спортчуга мындан ары да бийик жеңиштерди, бекем ден соолукту жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!