07 июль 2026

Кароолор: 10

🌲“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында мониторинг жүргүзүлдү

🌲“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында мониторинг жүргүзүлдү

Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын аймагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош–Баткен унаа жолунун боюнда отургузулган ийне жалбырактуу көчөттөрдүн абалына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө көчөттөрдүн өсүү абалы, сакталышы жеринде текшерилди. Ошондой эле көчөттөрдү өз убагында сугаруу жана багуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.

Жүргүзүлүп жаткан иштер айлана-чөйрөнү жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жол боюн көрктөндүрүүгө багытталган.