30 июль 2025
Кароолор: 18
Жер фондун инвентаризациялоо

2025-жылдын 30-июлунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында акимдин-биринчи орун басары Б.Коргонбаевдин жетекчилиги астында 2025-жылга карата райондун аймагында жер фондун инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын башчысы Э.Жолдошбай уулу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органадарынын башчылары келип катышты. Жыйында шаар мэрлерине, айыл өкмөт башчыларына бир топ тапшырмалар коюлду. Мындан ары “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы менен биргеликте райондун аймагындагы бардык жер аянттарына инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт.