26 май 2026
Кароолор: 9
Жер-жерлердеги ветеринардык врачтар үй жаныбарларынын жугуштуу илдеттерин алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана мал-жандыктардын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барып жатышат.

Учурда Кадамжай району боюнча пландуу жазгы эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жер-жерлердеги ветеринардык врачтар үй жаныбарларынын жугуштуу илдеттерин алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана мал-жандыктардын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барып жатышат.
Жайлоого көчүү мезгилине байланыштуу малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана вакциналар менен камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ири мүйүздүү малдарды мамлекет тарабынан камсыздалган 5 валенттуу вакцина мн эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ар бир вакцинация иштери райондук ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют башкармалыгынын көзөмөлүндо жүргүзүлүүдө.Белгилей кетсек Кадамжай районуна шарп ылаңына каршы жалпы 33000 доза жаңы 5 валенттуу вакцина жеткирилген.
Вакциналар үй чарбаларына акысыз берилип, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынууда.