20 сентябрь 2024
Кароолор: 93
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык боюнча штабтын отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын жергиликтуу кеңештеринин депутаттарын
шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2024-жылдын
6-сентябрындагы ПЖ Nº256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтуу
кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына негиз Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы 01-15/335-б буйругу менен бекитилген штабдын курамынын катышуусунда отурум өткөрүлдү. Анда район башчысы Б. Баяке уулу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдыктарды тиешелүү деңгээлде жана мыйзам чегинде уюштуруу иштери даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өтөт.