20 сентябрь 2024

Кароолор: 73

Жергиликтүү кеңештердин төрагаларына ыраазычылык билдирилди.

Кадамжай районуна караштуу 8 айыл өкмөтү жана 2 шаар бар.  Аталган айыл аймактарда жергиликтүү кенештерде жалпысынан 315 депутаттар шайналып келген болчу.  Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 “ "Кыргыз Республикасынын жергиликтуу кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына негиз район аймагындагы шаардык, айыл аймактык кеңештер таркатылды. 

  Бүгүн, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен жолугушуп, үч жарым жыл ичинде алып барган ишмердүүлүктөрүнө райондук администрациянын атынан ыраазычылыктарын билдирди. Эске салсак, буга чейин жергиликтүү кеңештер төрт жылдык мөөнөткө шайланып келген. Негизинен айыл аймактагы жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү ролду ээлеген жергиликтүү кеңештердин жетишкендиктери эске алынды. Жыйындын жүрүшүндө аким Б. Баяке уулу төрагаларга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттарын тапшырып узатты.