17 июнь 2025
Кароолор: 20
“Жергиликтүү өндүрүштү колдоо – экономикалык өнүгүүнүн негизги багыты”

2025-жылдын 17-июнунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу иш сапарынын алкагында Масалиев айыл өкмөтүнүн Кожо айылында жайгашкан желим кутуча (ящик) чыгаруучу цехке барды.
Аким ишкананын өндүрүш процесси, колдонулуп жаткан жабдуулар, күнүмдүк кубаттуулугу жана продукциянын сапаты боюнча маалымат алып, жеринде таанышып чыкты. Цехтин жетекчилиги менен болгон жолугушууда жергиликтүү өндүрүштү колдоо, жумуш орундарын көбөйтүү жана продукцияны кеңири рынокко чыгаруу маселелери талкууланды. Аталган ишкана — жергиликтүү деңгээлде өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин бири болуп саналат. Цех күнүмдүк турмушта, айыл чарбасында жана соода тармагында кеңири колдонулуучу желим кутучаларын чыгарат.
Б. Баяке уулу ишкананын ишин жогору баалап, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү райондук бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп ошондой эле бул сыяктуу чакан ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесин көбөйтүү жана аймактык экономиканын өсүшү үчүн маанилүү фактор экенин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берерин кошумчалады..