26 август 2026
Кароолор: 11
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 26-августта Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин катышуусунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги жасалма интеллект (ЖИ): негизги түшүнүктөр жана мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара «Жаш жарандардын өнүгүүсү» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, «Ханс Зайдель» фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.
Семинардын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, жасалма интеллекттин негизги түшүнүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, ошондой эле заманбап санариптик чечимдерди жергиликтүү башкаруу системасында натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык билим берүү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллектти күнүмдүк иш процессинде колдонуу, анын мүмкүнчүлүктөрү жана муниципалдык башкаруудагы практикалык пайдалуулугу боюнча маалымат алышып, практикалык тапшырмаларга катышышты.
Иш-чара кызматкерлердин санариптик жана кесиптик потенциалын жогорулатууга, ошондой эле заманбап технологияларды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түздү.