22 декабрь 2023
Кароолор: 158
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жакшыртууга көңүл бурулат.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке улуу Болоткан ортосунда кызматташтык меморандумга кол коюлду.
ЮСАИДДИН Ийгиликтүү Аймак 2 долбоорунун алкагында Кадамжай районунун бир нече айыл аймактары тандалып алынып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутуу багытында иш алып баруу жана тажрыйба алмашуу максатында меморандумга кол коюлду.