01 июль 2026
Кароолор: 8
Жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн элдик жыйындарында көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы жана жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө элдик жыйындарда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы талданды. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын кайрылуулары жана көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, алардын аткарылышын күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.