22 май 2025
Кароолор: 15
Жол куруу – айыл келечегине салым

2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин титулдук тизмесинин негизинде, Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Таш-Дөбө унаа жолу боюнча ири оңдоо жана асфальттоо иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Тактап айтканда, Жеңиш айылынан Кызыл айылына чейин болгон бөлүктө 3 чакырым узундукта жана 6 метр кеңдикте заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт жол төшөлдү.
Бул жолдун курулушу – айыл ичиндеги унаа кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып, жашоочулардын күнүмдүк турмушун бир топ жеңилдетет. Мындан тышкары, жолдун сапаттуу асфальт менен жабдылышы айыл чарбасын, билим берүү, медицина жана башка тармактардагы тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга чоң жардам берет.
Жол – бул прогресстин башаты. Бул багыттагы ар бир кадам – өнүгүүгө жасалган чоң салым.
Жол курулуш иштери техникалык талаптарга ылайык, атайын адистердин көзөмөлүндө аткарылып, жергиликтүү тургундардын катышуусу менен ачык-айкын жүргүзүлдү.