27 январь 2026
Кароолор: 6
Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кадамжай районунун аймагында жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ЭСКЕРТҮҮ! 
Аталган иш-чараларга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М. Айтматов жана Кадамжай районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн башчысы, милициянын улук лейтенанты Д. Уланов, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери катышып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Акыркы убакта малдын трассага чыгып кетүү учурлары көбөйүп, айдоочулар үчүн коркунуч жаратууда. Бул көрүнүш жол кырсыктарына алып келип, айдоочуларга да, мал ээлерине да зыян келтириши мүмкүн.
Мал ээлерин мал-жандыктарын көзөмөлсүз калтырбоого, ири жолдорго жана трассаларга чыгарбоого чакырабыз.
Ар бир жаран өз малы үчүн жоопкерчиликтүү экенин эске салабыз.
Коопсуздук — баарыбыздын жалпы милдетибиз!